Кыргызстан: Туркияга гуманитардык жардам чогултуу пункттары ачылууда

КЫРГЫЗСТАН: ТҮРКИЯГА ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ ЧОГУЛТУУ ПУНКТТАРЫ АЧЫЛУУДА
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу түйүндөрдү ачууда. Жалал-Абад облустук башкарамалыгы дагы кабыл алуу пунктун уюштуруп, бүгүнтөн тарта иштей баштады.
Чогулган гуманитардык жардам Түркия мамлекетинин жер титирөөдөн жабыркаган аймактарына жөнөтүлөт.
Жабыр тарткандарга кышкы жылуу кийимдерди, жамгырда кийилүүчү күрмө, өтүк, колкап, ымыркайлар жана аялдар үчүн гигиеналык баштыктын топтому, наристелер үчүн кийим-кечек, жеке гигиеналык каражаттар керек. Мындан сырткары медициналык каражаттар, чатыр, керебет, чатырга ылайыкталган матрацтар, жууркан, термос, кол чырак, портативдүү заряддагыч өтө зарыл.
Эскертүү, кийилген кийимдер жана тез бузулуучу азык-түлүктөр кабыл алынбайт. Гуманитардык жардамдарды кабыл алуу түйүндөрүнүн дарегин ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан тактай аласыздар.
Толук маалымат: 0770 01 00 52 же 0 3722 2 19 70