Кыргызстанда 23-август жалпы аза күтүү күнүнө карата КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев көңүл айтты
Урматтуу мекендештер!
Бүгүн өлкө аймагында желектер түшүрүлүп, аза күтүү күнү жарыяланды. Россия аймагындагы Ульяновск облусунда катталган кырсыктын айынан 14 мигрант уул-кызыбыздан айрылдык. Өлкө сыртында өткөн кырсык кыргызстандыктарды кайгыга салып турат. Канчалаган балдар ата-энеден, канчалаган ата-эне уул-кызынан, чырактай балдарынан айрылды.
Кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей мекендештерибиз жол кырсыгынан көз жумуп, бүтүндөй кыргыз элинин башына оор кайгы түшүп турат. Бир дарактын бутагы сынса, миң дарактын тамырына доо кетет демекчи, башына мүшкүл түшүп, оор кайгы тартып турган жакындарынын оор абалын бүтүндөй кыргыз эли сезип, жүрөгү ыйлап турат.
Кырсыкка кабылып, көз жумгандардын жакын туугандарына жеке өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен бирге Сиздерди сабырдуу болууга чакырам. Шейит кеткен мекендештерибиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев