Кыргызстандан барган боз үйлөрдү тигүүгө даярдык көрүлүүдө
КЫРГЫЗСТАНДАН БАРГАН БОЗ ҮЙЛӨРДҮ ТИГҮҮГӨ ДАЯРДЫК КӨРҮЛҮҮДӨ
12-февралда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев менен бирге Түркияда издөө-куткаруу иштерин аткарып жаткан куткаруучулардын командири, подполковник Ырысбек Жолдошбаев табигый кырсык болгон аймакта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.
Алар Кахраманмараш шаарында Кыргызстан тарабынан жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү боюнча координатору Кайсери облусунун губернатору Гөкмен Чичек, Сакария облусунун губернатору Четин Октай Калдырым, Кахраманмараш шаарынын Оникишубат муниципалитетинин башчысы Ханефи Манчичек менен жолугушту.
Жолугушуунун негизги максаты –жабыркаган аймакта Кыргызстандан гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу жана кыргыз тарап бөлүп берген боз үйлөрдү тигип, үй-жайсыз калган жарандар үчүн даярдоо.
Кыргызстандан Түркияга жөнөтүлгөн 80 куткаруучу, 3 дарыгер жана 78 боз үй менен учак Газиантеп шаарына конду.



