Кыргызстандык 80 куткаруучу издөө-куткаруу иштерине киришти
КЫРГЫЗСТАНДЫК 80 КУТКАРУУЧУ ИЗДӨӨ-КУТКАРУУ ИШТЕРИНЕ КИРИШТИ
Бүгүн, 13-февраль күнү эртең менен жаңы барган 80 куткаруучу издөө-куткаруу иштерине тартылды. Жалпы кыргызстандык 150гө жакын куткаруучу 5 объектиде иш алып барууда. Белгилей кетсек кечээ 12-февраль күнү учуп барган куткаруучулар Түркиянын Газиантеп шаарына самолет менен Бишкек убактысы боюнча 22:00 чамасында конуп, андан ары Кахраманмараш шаарына транспорт менен жеткирилген.
Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун билдирүүсүндө куткаруучулар тарабынан 106 Түркия жаранынын сөөгү табылган. Ошондой эле 4 жаранды урандылардын арасынан тирүү куткарышкан.