Кыргызстандык куткаруучулар тобу Туркияга учуп кетишти

КЫРГЫЗСТАНДЫК КУТКАРУУЧУЛАР ТОБУ ТҮРКИЯГА УЧУП КЕТИШТИ
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркия Республикасындагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 кутаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, 1 чатыр талаа госпиталы, 160 боз үй даярдалган.
Алардын ичинен кечээ, 12-февралда, 80 куткаруучу, 3 дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр Түркияга жөнөтүлдү.
Түркиянын жер титирөө болгон аймагына Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен 35 адам, анын ичинде 3 дарыгер, 3 боз үй тигүүчү, куткаруучулар учуп кетишти. Мындан сырткары 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк, бүгүн, 13-фералда жөнөтүлдү.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандан Түркияга жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн 2 ит жөнөтүлгөн.