Кыргызстандыктар Туркиянын,Россиянын куткаруучулары менен биргеликте иш аткарышууда

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ТҮРКИЯНЫН, РОССИЯНЫН КУТКАРУУЧУЛАРЫ МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ ИШ АТКАРЫШУУДА
Кахраманмараш шаарынын Он эки шубат районундагы кыргызстандык куткаруучуларга бөлүнгөн объектиде издөө иштерин аткарышууда. Аталган райондо 9-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 15:00гө карата ураган урандылардын астынан түркия жарандарынын 22 сөөгү чыгарылды.
Кыргызстандыктар менен бирге Түркиянын, Россиянын куткаруучулары, ошондой эле жергиликтүү ыктыярчылар куткаруу, издөө иштерине катышууда. Ал эми каза болгон жарандардын жакындарына биздин врач-психологдор жардамдарын көрсөтүп жатышат. Айта кетсек, куткаруу штабына жалпысынан 15тен ашуун мамлекеттин куткаруучулары келген.