Кыргызстандын өрт өчүрүүчүлөрү Кореянын адистери менен визуалдык машыгууну башташат
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстандагы Корея Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Джэ жана аталган өлкөнүн “KOICА” эл аралык кызматташтык агенттигинин башчысы Ли Джонг Су, “INTERACT” ЖЧКнын директору Кван Нам Хёк менен жолугушуу өткөрдү.
Министр Б.Ажикеев келген меймандарды жылуу тосуп алуу менен ыраазычылыгын билдирип, жолугушуунун башкы максаты болгон “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-өчүрүүчү бөлүм кызматкерлеринин кесиптик тажрыйбасын жогорулатуу” багытында иштелип чыккан жаңы долбоор тууралуу талкууга алышты.
Жогоруда аталган Кореялык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өлкөдө биринчи ирет акыркы үлгүдөгү заманбап техникалык каражаттар алынып, компьютердик-визуалдык (көз айнек тагынуу менен) окутуу-машыгуунун программалары түзүлөт. Бул визуалдык машыгуулар өрттү өчүрүүдөгү реалдуулукту жаратып, өрт куткаруучуларынын тажрыйбасын жогорулатат.
Соңку 10 жыл ичинде борбор калаада асман тиреген бийик имараттардын салынышы жана алардагы өрт коопсуздук эрежелеринин эске алынбашы, климаттык өзгөрүүлөр, табигый жана техногендик кырсыктардын көбөйүшүн алдын алуу жана ага карата даярдыкты жогорку деңгээлге көтөрүү, заман агымына ылайык дүйнөлүк акыркы тенденцияны кармоо маанилүү экени талашсыз. Демек жогорудагы долбоордун башталышы Кыргызстандын өрт-өчүрүүчүлөрүн тажрыйбасын жогорулатууда пайдасы өтө чоң.
Жолугушуунун соңунда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен “KOICА” Эл аралык кызматташтык агенттиги жана “INTERACT” ЖЧКнын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндөгү Меморандумга кол коюлду.