Кыргызстанга министр Александр Куренков келди

КЫРГЫЗСТАНГА МИНИСТР АЛЕКСАНДР КУРЕНКОВ КЕЛДИ
Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков Кыргызстанга иш сапары менен келди.
Кадырлуу меймандарды “Манас” эл аралык аба майданынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко баштаган топ тосуп алышты.
Маалым болгондой, бүгүн Россия Федерациясынан жардам иретинде келген 40 өрт өчүрүүчү унаа расмий түрдө КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылат.