Кырсык болгон тилкеде ыкчам аракеттерди жүргүзүү штабынын иши менен таанышты
КЫРСЫК БОЛГОН ТИЛКЕДЕ ЫКЧАМ АРАКЕТТЕРДИ ЖҮРГҮЗҮҮ ШТАБЫНЫН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Бүгүн, 14-февралда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин гуманитардык жардамдарды координациялоо боюнча Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шубат Аккүн мырза менен жолугушту.
Министр жолугушуу учурунда Шубат Аккүн мырзага миңдеген адам өмүрүн алган кайгылуу жер титирөөгө байланыштуу терең кайгыруу менен көңул айтты. Бообек Ажикеев Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен гуманитардык жардамдардын берилип жатканын билдирди. Анын айтымында, кыргыз элинен келген боз үйлөрдү жер титирөөдө үй-жайсыз калгандар түркиялыктар колдонууга ыңгайлуу.
Министр жер титирөөнүн очогунда издөө-куткаруу иштерине тартылган кыргыз куткаруучуларынан кабар аларын жана боз үйлөр шаарчасына барарын билдирди.
Өз кезегинде Шубат Аккүн мырза түрк элинин учурдагы абалын билдирип, кыргыз куткаруучуларынын аткарып жаткан иштерин ыраазычылык белгилеп өттү. Мындан сырткары ал кыргыз элинин берген боз үйлөрү чоң жардам болорун билдирип, кырсык болгон жерде ыкчам аракеттерди жүргузүүчү штабдын иши менен тааныштырды.





