“Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу” күнүнө карата атайын машыгуулар өткөрүлдү

КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Балта шаардык жана Жайыл райондук ӨК бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Балта шаарынын №5 орто мектебинде жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата объектик жана өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Жайыл райондук ӨК бөлүмү тарабынан;
– куткаруу, өрт өчүрүү, эвакуациялоо ж.б. жумуштары жүргүзүлдү;
– окуучуларга табийгый, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргонуу жана өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча сабактар өтүлдү;
– автоунааларды жана куткаруу шаймандарын жаш окуучуларга тааныштыруу, көргөзмө уюштурулду.
Кара-Балта шаардык №5 орто мектеби тарабынан;
– “коопсуз мектеп” темасындагы ачык сабактар уюштурулду;
– “куткаруучу” темасына арналган ыр жазуу жана сүрөт тартуу боюнча конкурст өткөрүлдү;
Машыгууга жалпы 780 окуучу, 32 мугалим, ӨК бөлүмүнөм 13 кызматкер, Кара-Балта шаардык медициналык коллеждинен 8 студент, тез жардам кызматынан 2 кызматкер жана Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.