Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата III илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн Бишкек шаарында  КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Кыргызстанда “5-октябрь — кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата III илимий-практикалык конференция” өтүүдө.

Иш-чарага  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлү Канатбек Чыныбаев, Өзгөчө кыраалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын инспектору А. Арзаматов, ЕККУнун  Бишкектеги Программалык кеңсесинин  башчысы Алексей Рогов, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өкүлү Хильке Дэвид жана  Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдер катышууда.

Илимий практикалык-конференциянын башкы  максаты – өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана катталган учурда министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү бийликтин, жана Жарандык коргонуу кызматтарынын биргеликте ыкчам аракет көрүүсүнүн байланышын  жогорку деңгээлге чыгаруу. Келип чыккан көйгөйлөрдүн үстүндө уюшкандыкта иш алып баруу, күч каражаттардын күжүрмөн даярдыгын, потенциалын чыңдоо.

Кезектеги илимий конференциянын алкагында  өлкөдөгү  табигый кырсыктардын тобокелдигин мүмкүн болушунча  азайтуу максатында Өзгөчө кырдаалар министрлгинин аткарып жаткан жигердүү иш аракеттери, ӨКМдин алдындагы кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин мүмкүнчүлүгү, өзгөчө кырдаалды алдын алуу, коргонуу боюнча коомчулуктун кабардар болуусун, билимин жогорлатуу ж.б.у.с темадагы  баяндамалар окулду. Ошондой эле Жарандык коргонуунун күчтөрүнүн  даярдыгын дайыма жогорулатуу, келип чыккан  өзгөчө кырдаалда конкреттүү кадамдардын алгоритмин камтыган тасма көрсөтүлдү.

Буга катар эле ӨКМдин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүсүндөгү  потенциалын жогорулатуу багытында эл аралык абройлуу уюмдар болгон БУУ, ЕККУ, KOIСА, БУУ Юнисефдин балдар уюму ж.б. менен кызматташуунун натыйжалуу көрсөткүчтөрү баса белгиленди.

Маанилүү иш-чаранын алкагында  жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тарабынан аймакта катталган өзгөчө кырдаалга чара көрүүдө кездешкен айрым көйгөйлөр ортого салынып, аны чечүүнүн үстүндөгү маселени талкууга алышты.