Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатында адистердин тажрыйбасы жогорулатылат
КР Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов АКШнын Монтана штатынын улуттук гвардиясынын жетекчиси, генерал-майор Питер Ронек менен жолукту.
Жолугушууда тараптар буга чейин кырсыктардын тобокелдигин азайтуу багытында түзүлгөн кызматташууну андан ары да бекемдеп, бир катар келечектүү багыттарын талкууга алышты.
Анда адистерди табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдарда, химия-биологиялык, радиациялык жана ядердик коопсуздук багытында өз ара тажрыйба алмашуу, өрт өчүрүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу, техникалык потенциалды өнүктүрүү боюнча маселелер каралды.
Министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов кезектеги жолугушууда эки тараптуу кызматташуу активдүү өнүгүп жатканын жана мындан аркы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ачыктыгын айтты.
Монтана штатынын улуттук гвардиясынын жетекчиси, генерал-майор Питер Ронек учурдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан улам каза болгондорго көңүл айтып, кырдаалды кайгыруу менен кабыл алгандыгын жана тез арада абал жөнгө салынарына ишенерин баса белгилеп өттү.
Монтана штатынан келген делегация ошондой эле кызматташуунун алкагында ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, өзгөчө кырдаалдын кандай түрү болбосун алдын алууда бирге аракет көрүү, байланыш түзүү, калкка өз убагында кабарлоо, эвакуациялоо иштерин жакшыртуу багытында тажрыйба алмашууга даяр экендигин билдиришти.







