Кырсыктын алдын алуудагы түшүндүрүү иштери уланууда

Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицердик курамы тарабынан шаар аймагында жайгашкан күйүүчү майларды сактоочу жайларга  өзгөчө кырдаалдын жана өрт кырсыктарын  алдын алуу максатында, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өрт коопсуздугун сактоодо кызматкерлерге практикалык негизде бир нече эрежелер көрсөтүлүп, келтирилген каталарды жоюу маанилүү маселе экендигин эскертти.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында күйүүчү май сактоочу 7 чоң жай бар.