Кыш мезгилинде автоунаа менен жүрүүдө негизги эрежелерди сактаңыз

КЫШ МЕЗГИЛИНДЕ АВТОУНАА МЕНЕН ЖҮРҮҮДӨ НЕГИЗГИ ЭРЕЖЕЛЕРДИ САКТАҢЫЗ
КР ӨКМ Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы-башкармалыктын башчысынын орун басары майор А.А. Гыязов төмөнкү эрежелерди сактоого чакырат
🟩Унаа менен узак сапарга чыгууда кылдаттык менен сапарга даярдануу жана бир нече жөнөкөй сунуштарды аткаруу керек.
Мисалы:
✅– аба ырайын тактоо, эгер жагымсыз аба ырайы күтүлгөн болсо, сапарды кийинкиге калтыруу;
✅– унаанын техникалык абалын текшерүү;
✅– туугандарыңызга жана досторуңузга өзүңүздүн сапарыңыз жана бара турган жериңизге болжолдуу түрдө жетүү убактысы жөнүндө маалымдоо;
✅-жаныңызга байланыш каражаттарын, кубаттагыч жана запастык батарейкаларды алуу;
‼️Унаада сиз төмөнкү эрежелерди сактооңуз керек:
✅– жол эрежелерин жана белгиленген ылдамдыкты сактоого;
✅-пландаштырылбаган же авариялык учурда – дүрбөлөңгө түшпөңүз!
🔺️Эскертүү үч бурчтугун орнотуңуз, кооптуу сигналдарды күйгүзүңүз, антеннага караңгыда жарык түс берүүчү чүпүрөктү илип коюңуз. Жолдон өтүп бара жаткан унаалардын айдоочуларынан жардам сураңыз, окуя тууралуу жана жайгашкан жериңизди тез жардам кызматына билдириңиз;
Бул жөнөкөй сунуштарды аткаруу менен сиз өзүңүздүн жана жүргүнчүлөрдүн өмүрүн сактап каласыз!
‼️КР ӨКМ эскертет: Өрт өчүрүүчүлөрдүн же куткаруучулардын жардамына муктаж болгон учурда Куткаруу кызматына 112 жана 101 телефондору аркылуу кайрылуу керек.