Кызматтагы алдыңкы айымдар Жогорку кеңештин сыйлыктарына ээ болушту

КЫЗМАТТАГЫ АЛДЫҢКЫ АЙЫМДАР ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН СЫЙЛЫКТАРЫНА ЭЭ БОЛУШТУ
Бүгүн, 7-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов айымдарды 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.
Алардын катарында Ардак грамота менен КР ӨКМдин Кадр башкармалыгынын кызмат өтөө бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Айталиева сыйланса, прапорщик Нуржамал Мааданбекова, Ольга Васькова жана Маргарита Меркуловага Алкыш жарыяланды.
Жолугушууда комитеттин төрагасы аялзатынын коом үчүн кылган эмгеги өтө чоң экенин белгилеп, айымдарды келе жаткан майрамы менен куттуктады. Сөзүнүн соңунда Улан Примов ар кандай тармактарда сиңирген эмгектери үчүн аялдарга Жогорку Кеңештин ыраазычылык каттарын жана Ардак грамоталарын тапшырды.