Кызматы менен элге жаккан ардагерлер ардактуу эс алууга чыгышты

КЫЗМАТЫ МЕНЕН ЭЛГЕ ЖАККАН АРДАГЕРЛЕР АРДАКТУУ ЭС АЛУУГА ЧЫГЫШТЫ
2023-жылдын 27-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын шаары боюнча башкармалыгында жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө үзүрлүү эмгектенип келген кызматкерлерди кесиптештери ардактуу эс алууга узатышты.
Полковник Токтобек Шоңкоев, полковник Талант Асымкулов жана майор Улан Кулназаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өмүрүнүн 20-25 чейинки жылын арнап, көп жылдык ар тараптуу тажрыйбасы, салмактуу кадыр баркы менен эң ириде элине акниеттүүлүк менен кызмат өтөп, жаштарга үлгү боло алышты.
Чейрек кылым убакыт ичинде калктын коопсуздугун, адам өмүрүн сактоого жана табигый, техногендик кырсыктардын алдын алууга багытталган иштерди чоң жоопкерчилик менен аткарып, эл ишенимин актай алышты. Бул оңой эмес убакыт ичинде элдик уулга айланган кызматкерлер райондун жана облустун ардактуу атуулу наамына татышкан.
Бир катар ведомстволук, министрликтин сыйлыктары, ардак грамота жана төш белгилери менен сыйланышкан.
Ал эми жогоруда аталган кызматкерлерди салтка айланган узатуу иш чарасы салтанатуу жүрүш менен өтүп, кесиптештери колдоо жана ыраазычылык билдиришти.