ӨКЖКТ кеңеши гуманитардык муктаждыктарга тез баа берүүнүн жыйынтыктарын талкуулады
30-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде Өзгөчө кырдаалга жооп кайтаруу боюнча координация тобунун (ӨКЖКТ) Кеңешинин отуруму өттү.
ӨКЖКТ мүчөлөрү, анын ичинде ӨКМ, БУУ жана гуманитардык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жабыр тарткан коомчулуктардын гуманитардык муктаждыктарын ыкчам баалоонун алдын ала жыйынтыктарын талкуулашты.
ӨКЖКТнын өкмөт тарабынан теңтөрагасы, ӨКМдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берип, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иш алып барганы үчүн ӨКЖКТ мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле ал эвакуацияланган калк туруктуу жашаган жерлерине кайтып келе жатканын, жана ал үчүн унаалар Жарандык коргонуу кызматтары тарбынан, күйүүчү май ӨКМ тарабынан камсыздалганын белгиледи. Ал жапа чеккен аймактардагы айрым турак үйлөр, социалдык имараттар, сарайлар, автоунаалар жараксыз абалга келгенин айтты.
Мындан сырткары Азамат Мамбетов туруктуу жайларына кайтып жаткан калкты жашоо-турмушу калыбына келгенге чейин керектүү буюмдар жана азык-түлүк, ал эми үй-жайсыз калган тургундарды убактылуу жатакана, турак-жай менен убактылуу камсыздоо маселесине токтолду.
ӨКЖКТнын БУУ тарабынан теңтөрагасы, БУУнун Туруктуу координатору Антье Граве өзгөчө кырдаалга чара көрүү боюнча биргелешкен аракеттер үчүн ыраазычылык билдирип, жакында дипломатиялык коомчулук менен биргеликте Баткен облусундагы жапа чеккен аймактарга болгон иш-сапары жөнүндө айтып берип, ошондой эле жабыр тарткан адамдардын гуманитардык муктаждыктарына баалоо жүргүзгөн ӨКЖКТнын миссиясына токтолду.
Баалоо иштерине таянып, ӨКЖКТнын муктаждыктарды тез баалоо тобунун мүчөлөрү негизги секторлордогу тез арада гуманитардык муктаждыктарга басым жасашты.
ӨКЖКТ мүчөлөрү өздөрүнүн мандаттарына ылайык жамааттык гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантууга өз милдеттенмелерин дагы бир ирет белгилешти. Учурда муктаждыктарды ыкчам балоонун негизинде ӨКЖКТнын гуманитардык жардам көрсөтүү планы түзүлүүдө.









