Өлкө аймагында 354 900 м3 кар көчкүсү мажбурлап атып түшүрүлдү

ӨЛКӨ АЙМАГЫНДА 354 900 м3 КАР КӨЧКҮСҮ МАЖБУРЛАП АТЫП ТҮШҮРҮЛДҮ
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен КР Куралдуу Күчтөрүнүн артиллериялык күжүрмөн эсебин колдонуп, кар көчкү коркунучу жаралган аймактарда мажбурлап атып түшүрүү жүргүзүлдү.
Тактап айтканда, 13-19-январда Бишкек – Ош унаа жолунун 121-135, 198-255-чакырымдарында жана Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымдарында жол коопсуздугун камсыздоо жана адам өлүмүнө жол бербөө үчүн жалпысынан көлөмү 354 900м3 кар күрткүсү мажбурлап атып түшүрүлдү.