Өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, бүгүн 5-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп күн күркүрөшү күтүлөт.
Ал эми Жалал-Абад облусунун өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 28…33°, Талас өрөөнүндө 27…32°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 31…36°, Ысык-Көл ойдуңунда 21…26°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 23…28°, тоолуу райондордо 7…12° жылуу болушу күтүлүүдө.