Өлкө боюнча ыкчам маалымат

Республиканын аймагында бир сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган . Алсак, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 2, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.
Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 10 чыгуу болду.
2-август өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайына токтолсок, Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.