Өлкөдө улуттук аза күтүү күнү жарыяланды
Кыргызстандын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга байланыштуу жарыяланган 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнүнө карата КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев элге көңүл айтты
Урматтуу мекендештер! Урматтуу Баткен облусунун тургундары!
Өлкө аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан улам кыргыз эли оор жоготууга учурады.
Бири камкор атасынан, бири жапжаш жубайынан, бири жоокер уулунан, дагы бири үй-бүлөнүн камкорчусунан айрылганы кыргызстандыктарды кайгыга салып турат.
Кандуу кагылышуудан элдин башына оор кайгы тушүп, жакындарынын айрылган оор абалын, алардын кайгысын бүтүндөй кыргыз эли сезип, жүрөгү ыйлап турат.
Согушта курман болгон жоокерлердин жана көз жумган жай тургундардын жакын туугандарына жеке өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен бирге Сиздерди сабырдуу болууга чакырам. Курман болгон уулдарыбыздын, агаларыбыздын, жай тургундардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев