Маалымат майданында эмгектенген журналисттерге сыйлык тапшырылды

МААЛЫМАТ МАЙДАНЫНДА ЭМГЕКТЕНГЕН ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫЛДЫ
Бүгүн ӨКМдин борбордук аппаратында журналисттердин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи өттү.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө журналисттик адистиктин мааниси артып, маалыматсыз жашоо элестетилбей калган учур.
Себеби, журналисттердин коомго ачык-айкын, калыс маалымат жеткирүү менен коомдук аң-сезимдин калыптанышына таасири күчтүү.
Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мааламаттарды коомчулукка кеңири жайылтууда, узак убакыттан бери тыгыз кызматташтыкта иштеп келе жаткан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирет.
“7-ноябрь – Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү”. Басма сөз күнү катары кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу белгиленип келет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР