Майлуу -Суу: Учурда тоңгон суу түтүктөрүн калыбына келтирүү боюнча 9 чакырым аралыкта эритүү иштери жүргүзүлдү

МАЙЛУУ-СУУ : УЧУРДА ТОҢГОН СУУ ТҮТҮКТӨРҮН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ БОЮНЧА 9 ЧАКЫРЫМ АРАЛЫКТА ЭРИТҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Ал үчүн 4 өрт өчүрүү автоунаасы жана башка район шаарлардан жардамга келген 3 автоунаа калкка тынымсыз кызмат көрсөтүп жатат.
Мындан сырткары, Президенттин тапшырмасы менен келген 20 тонна 250 кг ун, 8 тонна 100 кг кум шекер, 4 тонна 50 литр өсүмдүк майы шаардыктарга жергиликтүү бийлик тарабынан бөлүштүрүлдү.
Учурда тоңгон суу түтүктөрүн калыбына келтирүү боюнча 9 чакырым аралыкта эритүү иштери жүргүзүлүп, эртең, 23-январдан тарта 6 чакырым аралыгында эритүү аракеттери жүргүзүлөт.
Саат 20:00гө карата штабдык жыйын өткөрүлүп, аткарылып жаткан жумуштар тууралуу маалыматтар берилди.