Майлуу-Сууда 375 абонентти жылуулук менен камсыздаган №3 отказан иштей баштады

МАЙЛУУ-СУУДА 375 АБОНЕНТТИ ЖЫЛУУЛУК МЕНЕН КАМСЫЗДАГАН №3 ОТКАЗАН ИШТЕЙ БАШТАДЫ
Учурда кезек-кезеги менен үйлөргө жылуулук берилип баштады.
Майлуу-Сууда №3 отказанды кайрадан иштетүү үчүн жаңы 500 метр узундуктагы желим түтүк Майлуу-Суу дарыясына чейин тартылып, суу насосу орнотулган. Натыйжада 375 абонентти жылуулук менен камсыздаган аталган отказан кайрадан иштей баштап, учурда шаар тургундарына кезек-кезеги менен жылуулук берилип баштады.
Ал эми буга чейин 1234 абонентти жылуулук менен камсыздаган №1 жана 198 абонентке жылуулук берген №4 отказан ишке берилген.
Шаар тургундарын таза суу менен камсыздоо максатында дагы да болсо суу түтүктөрүн эритүү иши жүрүүдө.
Азыркы тапта шаарда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасир Закиров башында турган кызматкерлер Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте кырдаалды жөнгө салуу максатында иш алып барууда. ӨКМден жалпы 43 кызматкер, суу ташуу үчүн 4 өрт очүрүүчү унаа жана 1 экскаватор, 1 трал, Жарандык коргонуу кызматтарынан да жалпы 44 техника, 200дөн ашуун кызматкер тартылды.
Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен, 2023-жылдын 12-январь күнү шаардын калкына таза суу берүү үзгүлтүккө учураган. Суу берүү системасынын башкы суу сактагычында жана суу берүүчү түтүктөрдө суулар тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Мындан улам шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан, Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандардын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учурап, Майлуу-Суу шаарынын аймагына III-ордук даражасындагы “Өзгөчө кырдаал” режими жарыяланган.
Жарыяланган өзгөчө кырдаал министр Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө.