Майлуу-Сууда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди

МАЙЛУУ-СУУДА АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ ЖАРДАМ БЕРИЛДИ
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Майлуу-Суу шаарынын тургундарына гуманитардык жардам жөнөтүлүп, жергиликтүү бийликке өткөрүлүп берилди.
25 кг ун ,10 кг кум шекер жана 5 литр өсүмдүк майы камтылган жардам шаардагы 810 үй-бүлөгө берилет.
Учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык башкармалыгы тарабынан аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөр комиссиянын негизинде аныкталып, бөлүнүп берилүүдө.