Майлуу-Сууда калктын 89%ы жылуулук менен камсыздалды

МАЙЛУУ-СУУДА КАЛКТЫН 89%ы ЖЫЛУУЛУК МЕНЕН КАМСЫЗДАЛДЫ
Майлуу-Суунун тургундарынын 89 пайызына жылуулук берилди.Шаардагы №1, №3, №4 от казандарда жумуш жүргүзүлүп, жергиликтүү эл жылуулук менен камсыздалууда. Ал эми калган авариялык абалдагы жылуулук берүүчү түтүктөрдө ширетүү иштери жүрүүдө.
Бүгүн ичүүчү таза суу берилген түтүктүн негизги бөлүгүнүн 15 чакырымында эритүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада калктын 30 пайызы таза суу менен камсыздалды.
26-январдан тарта ичүүчү таза суунун калган абоненттерге бере турчу тоңуп калган түтүктөрүн калыбына келтирүү үчүн 10го жакын жумушчу топ иш алып барат.
Бүгүн саат 20:00дө кезектеги координациялык жыйын орун алып, шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын алып барган жумуштарына баа берилип, тиешелүү тармактарды ыкчам иш алып баруу боюнча Жалал-Абад облусунун жарандык коргонуу башчысынын орун басары Э.Маматаев жана КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник А.Закиров тарабынан талаптар жана тапшырмалар коюлду.