Майлуу-Суудагы абалды жөнгө салууга 170 адам тартылды

МАЙЛУУ-СУУДАГЫ АБАЛДЫ ЖӨНГӨ САЛУУГА 170 АДАМ ТАРТЫЛДЫ
18-январда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы кырдаал ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов тарабынан көзөмөлдөнүп, шаар тургундарын жылуулук берүү жана суу менен камсыздоо иштерин Жарандык коргонуу кызматтары менен чечүү аракетинде.
Суукта үзгүлтүккө учураган жылуулукту калыбына келтирүүгө жана шаар тургундарын суу менен камсыз кылуу үчүн жалпысынан жалпы 27 техника, 170 кызматкер тартылган. Анын ичинен жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 28 кызматкер, 10 техника кесепеттерди жоюу иштерин аткарып жатышат.
Учурда № 1, 4 от казан ишке киргизилип, көп кабаттуу үйлөрдүн 80%ы жылуулук менен камсыздалууда. Мындан сырткары “Кыргызнефтегаз” ишканасы шаардын Кутманова көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн жер төлөсүндөгү тоңуп калган таза суу системасын атайын техника менен эритүү иштерин аткарып, жалпы 1234 абоненттин 807 абонентине ысык суу берилди.