Майрамдык маанайдагы сыйлык тапшыруу

Эгемендүүлүк күнүнө карата Токтобек Шонкоевге сыйлык ыйгарылды.
Ал Нарын облусунун калкын табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоодо жана алардын кесепеттерин жоюуда ак ниети менен өз милдеттерин аткарып, элине эмгек сиңирген.
Элдин коопсуздугун биринчи орунга койгон эл уулунун эмгеги Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан бааланып, 31-август – Эгемендүүлүк күнүндө “Нарын облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.