Мал сарайдан өрт чыгып, 12 баш кой, 1 баш торпок күйдү

1-декабрь күнү Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылында жайгашкан мал сарайдын чатыры күйүүдө деген маалымат саат 23:50дө түшкөн.
Жерине №59 ӨКБнүн бир өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылып, аталган жай 01:19да курчоого алынып, бүгүн саат 08:01де толугу менен өчүрүлдү.
Жалпысынан сарайдын 192 ч.м аянты күйгөн.
Келтирилген чыгымдар 12 баш кой, 1 баш торпок, 1000 түк чөп жана 600 боо жүгөрү бакалы күйгөн.
Өрттүн чыгуу себептери учурда такталууда.