Мекемелерде өрт-коопсуздугун алдын алуу иш-чаралары

КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан «Газпромнефть Аэро Ош» жалпы эмгек жамаатына өрт коопсуздугун алдын алуу үчүн профилактикалык иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан өрт коопсуздугун алдын алуу жана  өрттүн чыгуусуна жол бербөө, өрт коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча теориялык жана практикалык сабактар өткөрүлдү.

Профилактикалык иш-чарада  «Объекттерде өрт коопсуздугунун талаптары» темасында видеофильм көрсөтүлдү.

Ошондой эле, ӨКМ кызматкерлери өрт өчүрүүчү алгачкы шаймандар менен колдонууну көрсөтүштү, өзгөчө кырдаал учурунда эвакуациялоо жана чыгуу жолдорун текшеришти.

📌Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар калк арасында өрт коопсуздугунун маданиятынын деңгээлин бир топ жогорулатып, кырсыктардын санын кыскартууда.