Мерчемделген кезектеги машыгуу өткөрүлдү

МЕРЧЕМДЕЛГЕН КЕЗЕКТЕГИ МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
16-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте жер титирөөдөн кийин кырсыктын кесепеттерин жоюудагы кечиктирилгис иш-аракеттерди баалоого жана текшерүүгө алган “Атайы машыгуу” өткөрдү.
Машыгуунун негизги максаты – ар кандай өзгөчө кырдаал учурунда калктын мүмкүн болушунча катуу жабыркабашына, адам өлүмүнө жеткирбөөгө багытталган иш-аракеттердин, күч каражаттардын даярдыгын, тажрыйбасын жогорулатуу. Кырдаалды талдай билүү, өз убагында ыкчам чара көрүү жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу ошондой эле башкаруу органдардын, Жарандык коргонуу кызматтарынын жана уюмдардын биргелешкен аракетин бекемдөө.