Алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо а/а Казарман айылынын Ынтымак тилкесинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 10:20да Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт 10:36да чектөөгө алынып, 10:59да толук өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби, мешти пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелери сакталган эмес.
КР ӨКМнин өрткө каршы кызматы жылытуу мештерин милдеттүү түрдө текшерүү жана талаптагыдай пайдалануу зарылдыгын эскертет.