Метеорологиялык байкоо жүргүзүүгө ылайыкталган «Долон» станциясы ачылды

МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ЫЛАЙЫКТАЛГАН «ДОЛОН» СТАНЦИЯСЫ АЧЫЛДЫ
12-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Япония өкмөтүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы кызматташтыктын алкагында “Долон” кар көчкү станциясынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Ачылыш аземге Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси ГОДА Хидэки, БУУнун өнүктүрүү прораммасынын Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, КР Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов жана Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов ж.б. катышты.
Стратегиялык маанидеги Бишкек — Торугарт унаа жолу, Кызыл-Бел, Калмак ашуусу, Төө-Ашуу ашууларында көр көчкү түшүү кооптуулугуна мониторинг жүргүзүү менен так божомолдоо берүүгө ылайыкталган станция жаркыраган имарат жана толугу менен жаңы жабдуулар менен камсыздалды.
Учурда курулушу бүтүп колдонууга берилген “Долон” жана “Чапчыма” станциялары БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Кыргыз Республикасында тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу боюнча потенциалды жогорулатуу жана Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтыкты чыңдоо” долбоорунун алкагында Япон өкмөтүнүн каржылоосу менен ачылды.
Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси ГОДА Хидэки: “Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, табигый кырсыктар басымдуулук кылат. Кырсыктын кесепетинен калк жабыркап, ири материалдык чыгымдарга алып келүү менен жалпы мамлекеттин экономикасына өз кедергисин тийгизери белгилүү. Ошол эле учурда дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшү, бир кездерде түбөлүк жаткан муздардын ээриши бүтүндөй адамзаттын глобалдуу көйгөйү. Бул жагынан алып караганда Кыргызстандын табигый кырсыктын алдын алуудагы иш-аракеттери бизди кубантат жана Япония дайыма колдоо көрсөтүүгө даяр”, – деп билдирди.
КР Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов: “Жаңыланган станциялар кар көчкү түшүү коркунучуна гана божомолдоо жүргүзбөстөн, аймакта кардын көлөмү канча түшкөнүн, жаз, жай айларында жааган жамгырдын көлөмүнө карап суу ресурсун тактоого мүмкүндүк түзөт. Бул экономикалык жактан да жакшы натыйжа берет”, – деп баса белгиледи.
Аймакта метеорологиялык байкоо жүргүзүү менен аба ырайын божомолдоого, кар катмарынын мониторинги жана кар көчкү коркунучун божомолдоо үчүн арналган “Долон” жана “Чапчыма” станциялары так маалымат берип, калкка кооптуулук тууралуу өз учурунда эскертүү берүү менен табигый кырсыктардын алдын алууга чоң шарт түзөт.
Мындан сырткары азыркы учурда Чаткал районунда “Башкы-Терек” станциясынын курулушу жүрүп, ушул жылдын сентябрь айына чейин бүтүрүү пландалууда.