Министр Б. Ажикеев Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай Коомдорунун Эл аралык федерациясынын Башкы катчысы Джаган Чапагейнди кабыл алды
МИНИСТР Б. АЖИКЕЕВ КЫЗЫЛ КРЕСТ ЖАНА КЫЗЫЛ ЖАРЫМ АЙ КООМДОРУНУН ЭЛ АРАЛЫК ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН БАШКЫ КАТЧЫСЫ ДЖАГАН ЧАПАГЕЙНДИ КАБЫЛ АЛДЫ
23-майда КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кыргызстанга сапар менен келген Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай Коомдорунун Эл аралык федерациясынын (КК жана ККЭФ) Башкы катчысы Джаган Чапагейнди кабыл алды.
Тараптар өлкөдө орун алган өзгөчө кырдаалдарда, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуда гуманитардык жардам жана социалдык колдоо ошондой эле ӨКМдин техникалык потенциалын жогорулатууга багытталган эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча маселелерди талкуулашты.
Министр Б. Ажикеев өзгөчө COVID менен күрөшүүдө жана чек арадагы Тажикстан менен жаңжал маалында жапа чеккен Баткен облусунун тургундарына көрсөткөн жардамы үчүн федерацияга ыраазычылык билдирди.
КК жана ККЭФдин Башкы катчысы Джаган Чапагейнди өз кезегинде министрликтин өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана анын кесепеттерин жоюуда жасаган ыкчам аракеттерин жогору баалай тургандыгын айтып, бул багытта жүргүзүлгөн иш-аракеттер максаттуу жана натыйжалуу болорууна ишеним артты.
жолугушуунун жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин табигый жана техногендик кырсыктарга чара көрүүдөгү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, куткаруучуларды керектүү шаймандар менен камсыздоо, алгачкы жардам көрсөтүүдө кызматкерлердин квалификацияларын жогорулатуу боюнча маселелер талкууланды.
Жолугушуунун соңунда тараптар өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүдө биргелешкен тыгыз кызматташтык мындан ары да уланаарын баса белгилешти.







