Министр Бообек Ажикеев дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту
КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Дүйнөлүк Банктын операциялык ишмердүүлүгү боюнча башкаруучу директору Аксель Ван Троценбург башында турган делегация менен жолугушту.
Жолугушууда Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көп тармактуу аткарган ишмердүүлүгү жөнүндө жана андагы максаттуу коюлган келечектүү багыттары менен таанышты. Өз кезегинде министр Бообек Ажикеев дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу табигый кырсыктардын саны өсүп жатканына токтолуп, анын ичинде Кыргызстанда жыл сайын 400гө жакын табигый мүнөздөгү кырсыктар орун аларын баса белгиледи.
Өлкөдө сел, суу ташкындары жана жер көчкү жүрүү кооптулугу жогору турган аймактардын бар болгондугу актуалдуу көйгөй экендигин жана жыл сайын мындай табигый кырсыктардын кесепетинен көп сандаган адам өмүрүн, ага катар эле ири материалдык чыгымдарга алып келип жаткандыгына токтолду.
Дүйнөлүк Банктын өкүлү Аксель Ван Троценбург министрдин сөзүн кубаттоо менен климатка байланышкан табигый кырсыктар планеталык масштабдагы, дүйнө коомчулугун ойлондурган глобалдуу көйгөй экендигин айтып жана бул багыттагы аракет бүтүндөй коомчулукту өз кучагына алуу керектигине токтолуп өттү. Ал ошондой эле кырсыктардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда техникалык потенциалдын ири көлөмдөгү күч каражаттары керектелерин, табигый кырсыктарга карата туруктуулукту ар тараптуу өнүктүрүү зарыл экендигин билдирди.
Тараптар ошондой эле мүмкүн болушунча калкты жана аймактарды табигый кырсыктардан коргоодо биргелешкен аракеттерди жүргүзүү жөнүндө маселелерди талкууга алышып, бул эң биринчиден кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүү менен кырсыктын алдын алып, табият кубулуштарына көзөмөл кылуунун эң натыйжалуу ыкмалары менен тажрыйба алмашуу жагы да каралды.








