Министр Бообек Ажикеев Европа Биримдигинин Борбор Азиядагы Атайын өкүлү Тери Хакаланы кабыл алды

Кечээ, 10-октябрда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүү, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Европа Биримдигинин ортосунда мындан аркы кызматташтыкты, анын ичинде регионалдык коопсуздуктун маселелери боюнча пикир алмашты.
Баарлашуунун жүрүшүндө министр Бообек Ажикеев Баткен облусунда карапайым калктын жабырланышына жана жарандык, социалдык инфраструктуранын талкаланышына алып келген тажик тараптын Кыргызстанга каршы куралдуу агрессиясына токтолуп, бул аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аткарган иштерин айтып берди.
Өз кезегинде Атайын өкүл Тери Хакала айым Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусуна токтолуп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бүтүндүгүн сактоо маанилүү экенин белгиледи. Ал Кыргызстандын жапа чеккен аймактарындагы абалды жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.