Министр Бообек Ажикеев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэлла Гелилди кабыл алды

МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ГЕРМАНИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ ГАБРИЭЛЛА ГЕЛИЛДИ КАБЫЛ АЛДЫ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Германиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Габриэлла Гелил айымды кабыл алды.
Жолугушууда Бообек Ажикеев эки өлкөнүн дипломатиялык байланышына ийгиликтерди каалап, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатында кызматташуу жана тоолу өлкөдөгү мөңгү маселесине токтоло кетти. Мындан сырткары министр өз сөзүндө кыргыз-герман кызматташтыгын өркүндөтүүнү баса белгиледи.
Өз кезегинде Габриэлла Гелил айым куткаруу иштеринин маанилүүлүгүн табигый тобокелдиктерди кыскартуу жаатында эки тараптуу кызматташтык уланарын белгилеп, Кыргызстан тоолуу өлкө катары мөңгү – таза суунун булагы экенин айтып өттү.
Бүгүнкү жолугушуунун маанилүүлүгүн белгилеген тараптар, кызматташуунун алкагында климаттын өзгөрүлмөлүүлүгү, глобалдык жылуулуктун мөңгүгө тийгизген таасирлери, табигый мүнөздөгү кубулуштардан пайда болгон кырсыктардын тобокелдиктерин алдын алуу жана жоюу, аны менен бирге Кыргызстандагы мөңгүгө байланышкан маселени кызуу талкуулашты.