Министр Бообек Ажикеев куткаруучуларды тосуп алды
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ КУТКАРУУЧУЛАРДЫ ТОСУП АЛДЫ
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда, издөө-куткаруу иштерин, милдеттерин так аткарышкан куткаруучуларды тосуп алуу иш-чарасы өттү.
“Манас” эл аралык аэропортунда куткаруучуларды ӨК министри Бообек Ажикеев, Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган жана ӨКМдин өздүк курамы тосуп алды.
Кыргызстанга аман-эсен келген куткаруучуларды куттуктаган Бообек Ажикеев эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгына жана куткаруучулардын аткарган ишин баалап өттү.
“Табигый кырсыктан жапа чеккен түрк элине жардам берүүгө 182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде 6 дарыгер, 5 боз үй тигүүчү болсо, калганы ӨКМдин куткаруучуларынан турат .
Биздин куткаруучулар жер титирөө катталган аймакта жалпысынан 8 адамды уранды алдынан аман алып чыгып, 198 адамдын сөөгүн табышты.
Ал эми “Инсараг” эл аралык уюмуна кошулуу үчүн куткаруучуларды күжүрмөн даярдыкка келтирүүдө Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу мырзанын берген кеңеши, жардамы менен бир катар ийгиликтерди жарата алдык”, – деди министр.
Ал эми салтанатка катышкан элчи мырза Түркияда аткарган кыргызстандыктардын жардамын баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.








