Министр Бообек Ажикеев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертерди кабыл алды
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ШВЕЙЦАРИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ ОЛИВЬЕ БАНГЕРТЕРДИ КАБЫЛ АЛДЫ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер мырзаны кабыл алды.
Жолугушууда Бообек Ажикеев эки өлкөнүн дипломатиялык иштеринин бекемделишине ийгиликтерди каалап, табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктардын алдын алуу дегеле, бардык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуу ийгиликтүү өнүгөрүнө ишенимин билдирди.
Министр кызматташуунун алкагында климаттын өзгөрүлмөлүүлүгүнүн таасирлерин, табигый мүнөздөгү кубулуштардан пайда болгон кырсыктардын тобокелдиктерин алдын алуу жана Кыргызстан тоолуу өлкө катары тоо туризмин өнүктүрүүдө туристтердин коопсуздугун камсыздоо, куткаруу иштеринде адистерди окутуу, тажрыйба алмашуу жаатында биргелешип иштөөнү сунуштады.
Ошондой эле жакынкы күндөрү Швейцария өкмөтү тарабынан БУУнун ДАТП программасына элет жериндеги климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсык тобокелдигин кыскартууга багытталган компонентине бөлүнгөн 9 миллиондон ашуун АКШ долларына ыраазычылыгын билдирди.
Өз кезегинде Оливье Бангертер мырза куткаруу иштеринин баалуулугун, адам өмүрү үчүн кырсыктардын алдын алуу жана жоюунун маанилүүлүгүн кургакчылык, суу ташкын, жер көчкү сыяктуу табигый тобокелдиктерди кыскартуу жаатында эки тараптуу кызматташтык уланарын белгиледи.
Бүгүнкү жолугушуунун маанилүүлүгүн белгилеген тараптар, Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында, кызматташтыктын алкагында келечектеги пландарын талкуулашты.





