Министр Бообек Ажикеев түрк элине көңүл айтты

МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ТҮРК ЭЛИНЕ КӨҢҮЛ АЙТТЫ
Кечээ, 13-фералда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен барган өздүк курамды Түркия мамлекетинин Газиантеп шаарынын губернаторунун орун басары Мухаммед Ондар тосуп алды.
Түркия мамлекетинде канчалаган адам өмүрүн алып, үрөй учурган окуяга байланыштуу Мухаммед Ондар мырзага жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган элине көңүл айтты.
Өз кезегинде шаар башчысынын орун басары эки күн ичинде жиберилген гуманитардык жардамга ыраазычылыгын билдирип кетти. Ошондой эле ал кыргыз куткаруучуларынын издөө иштери учурунда адам өмүрүн сактоо учурлары көп кездешип жатканын баса белгиледи.
Жолугушуудан соң ӨК министри Кахраманмараш шаарындагы кырсык болгон тилке менен таанышты.
Эске салсак, министр Бообек Ажикеев өзү менен кошо дарыгерлерди, куткаруучуларды, боз үй тигүүчүлөрдү жана гуманитардык жардам катары 49 боз үй, дары-дармектерди алып кеткен.