Министр Бообек Ажикеев Туркиянын Ички иштер министри Сулайман Сойлуга көңүл айтты
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ТҮРКИЯНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРИ СУЛАЙМАН СОЙЛУГА КӨҢҮЛ АЙТТЫ
Түркия мамлекетинде болуп өткөн миндеген адам өмүрүн алып, канчалаган жабырлануучуларды кайгы-муңга салган жер титрөөгө байланышту бул өлкөнүн Ички иштер министри Сулайман Сойлуга, Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар департаментинин өкүлдөрүнө жана түрк элине көңүл айтам.
Кыйратуучу күчкө ээ болгон жер силкинүүдөн миңдеген имараттар урап, миңдеген өмүрлөрдү жоготуп, кырсыктын курмандыгына айланган түрк боордоштору үчүн бүтүндөй кыргыз журтчулугу кайгырып турат.
Табигый кырсыктын татаал сыноосуна кабылып, орду толгус оор жоготууга учурап, кайгыга батып турган түрк боордоштордун аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Тамырыбыз тереңге кетип, эзелтеден карым-катышта жашап, ар дайым колдоо көрсөтүп келген Түркия мамлекетинде каза болгон боордошторубуздун жакындарына жана туугандарына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан боордош түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.
КР Өзгөчө кырдаалдар министри
Бообек Ажикеев