Министр Бообек Ажикеев УКМК кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин куттуктоосу:
“Урматтуу Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Комитетинин кызматкерлери!
Сиздерди 20-декабрь – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы кесиптик майрамыңыздар менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын жана өзүмдүн атымдан чын ниетимден куттуктайм.
Сиздер эгемен мамлекетибиздин эрктүү жана бейпилдикте гүлдөп-өсүшүнө эбегейсиз зор салым кошуп келе жатасыздар. Ар бир кызматкер мамлекеттин бүтүндүгүн, элинин коопсуздугун бөтөнчө жүрөгү менен сезе билет. Биздин эр-азаматтар көкүрөктөгү мекенчилдиги, намыскөйлүгү менен Ата-бабаларыбыз түптөп кеткен мамлекетибиздин туусун көктө желбиретип, улутту улут кылып турган асыл баалуулуктарды калың элдин эртеңи, жаркын келечеги үчүн татыктуу коргоп келет.
Урматтуу Улуттук Коопсуздук кызматынын кызматкерлери!
Сиздердин жоопкерчиликтүү ишиңиздердин артында кадыр-баркыңыздар бийиктеп, изги тилектериңиздер орундала берүүсүн каалайбыз. Саламаттыгыңыздар бекем болуп, узак өмүр сүрүңүздөр”.