Министр Бообек Ажикеев Ысык-Көлгө атайы иш сапар менен барды
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ЫСЫК-КӨЛГӨ АТАЙЫ ИШ САПАР МЕНЕН БАРДЫ
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ысык-Көл облусуна атайы иш сапары менен барды.
Анда облус аймагында министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринен таанышып, жумуштун сапатына жана жүрүшүнө көзөмөл жүргүздү.
Иш сапардын алкагында алгач Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортун сел сууларынан коргоого ала турган дамбанын курулуш иши менен таанышты. Туристтик аймакта жагымдуу шарттарды түзүү менен коопсуздук маселеси да башкы орунда экени талашсыз. Андыктан министр дамбаны куруу жумушунун сапатына өзгөчө көңүл буруу талабын койду. Алдын ала болжолдонгон планга ылайык, дамбаны куруу ишин 4 ай ичинде бүткөрүү каралган.
Андан соң Чолпон-Ата шаарындагы 1816 метр узундуктагы “Тогуз-Булак” сел өтүүчү каналын куруу ишинин 3-этабы тууралуу шаардын мэри маалымат берди.
Тоо боорунан тартылган сел каналына цемент плиталары төшөлүп бүтсө, Чолпон-Ата шаарындагы 150 турак үй, “Рух-Ордо” этномаданият комплекси, 30 конок үй, 16 соода түйүнү, ички чарбалык жолдор жана Ананьево – Балыкчы негизги унаа жолунун 82-чакырымындагы 300 метр аралыгы сел каптоо коркунучунан коргоого алынат.
Буга улай министр Бообек Ажикеев Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин жүргүзүп жаткан суучулдар менен кезикти. Дүйнө элин суктандырып, табигат тартуулаган керемет көлдүн тазалыгы үчүн жигердүү эмгектенип жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдирди. Ошол эле маалда браконьерлик менен алектенгендердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча чараларды көрүүнү баса белгилеп, тиешелүү кызматтарга сунуштарын айтты.
Бул күнү министр көп убакыттан бери бузулуп, бирок оңдоо иштерин жүргүзүүгө көңүл бурулбай келген “Шторм” кемесинин техникалык абалын көрүүгө жетишти. ӨКМдин суу үстүндөгү потенциалын жогорулатууга болгон аракет токтобостон, эскилиги жетип калган кемени оңдоо иштери колго алынмай болду.
Андан ары сапарды улай, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы менен жолугушуп, алардын иштөө шартынан кабар алды. Аталган башкармалыктын имараты да эскилиги жеткендиктен жаңылоо зарылдыгы келип чыккан. Абалды жеринен көргөн министр кызматкерлерге татыктуу шарт түзүп берүү үчүн жаңы имарат куруу маселеси кечиктирилгис аткарыла турчу планга киргизилди.
Облустун Ак-Суу районунун Тепключенка айылында буга чейин жашоочулар эгин талаасына өтүүсүн камсыздап, бүгүнкү күндө жарактан чыккан 2 чарбалык көпүрөнүн абалын көрдү. Тоодо кар ээригендиктен каналдагы суунун көлөмү көтөрүлүп жана агымы күчтүү болуп каналды жууп жараксыз абалга келтиргендиктен, тургундар айылдан 2-3 км алыстыкка барып өтүүгө аргасыз. Буюрса, бул көйгөйдү чечүүгө ӨКМ да болгон күч-аракетин жумшарын билдирди.
















