Министр Бообек Ажикеев: “ Жабдылган техникалардын жардамы менен адам өмүрүн сактоо алда канча жеңилдеди”

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде кезектеги маалымат жыйынын берди. Ал ӨКМдин 2021-жылдын октябрь айынан 2022-жылдын октябрь айына чейинки аткарылган иштери туурасында билдирди.

Министрлик табигый жана техногендик өзгөчө кырдаал катталган учурда аткара турган милдеттерине, ар жыл мезгилдерине жараша жасаган иштерине кеңири токтолду. Министрдин айтымында, жаз айлары жаанчыл болгондуктан, түштүк жергесинин бир катар райондорун суу каптап, ӨКМ  табигый кырсыктан кесепеттерин жоюу, калкты коопсуз жайларга көчүрүү иштерин аткарды. Жаз алды менен селдин алдын алуу, жергиликтүү бийликтегилер менен биргеликте дамбаларды бекемдөө иштери аткарылып, канчалаган үйлөр сел каптоо коркунучунан корголгон.

“Биздин куткаруучуларыбыз кечээ жакында болуп өткөн Баткен коогалаңында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча эвакуациялоо, жаңы курулушка аянтчаларды даярдоо, гуманитардык жардамдар менен камсыздоодо зор салым кошушту. Кырсыктардын өлкө экономикасына тийгизген зыяны 3 млрд 565 миллион сом  болсо, анын 3 млрд сому Баткен коогалаңына байланыштуу, ал эми табигый жана башка кырсыктардагы чыгым 565 млн сомду түздү”, –  деди министр.

Анын айтымында, жыл ичинде техникалык жактан  жакшыртууда министрлик бир катар ийгиликтерге жетишти. Жыл башынан тарта адам өмүрүн куткаруу үчүн суудан куткаруу, өрт өчүрүү, тоодон куткаруу учурунда эң керектүү адистештирилген инженердик техникалар, жабдыктар эл аралык уюмдардын каржылоосу менен алынган. Ал көптөн бери жаңыртылбаган өрт өчүрүүчү унаалардын эскилигине жана жаңы келген заманбап унаалардын өзгөчөлүгүнө, алардын жардамы менен ири өрттү өчүрүү бир топ жеңил болуп, адам өмүрү сакталып жатканына да кеңири токтолду.

“Президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен Кыргызстандын тарыхында ӨКМге республикалык бюджеттин эсебинен тик учак алынды. Ал Баткен коогалаңында адам өмүрүн куткаруу жумштарында зор салымын кошту.  Буга кошумча жыл аягына чейин өлкөгө эки моторлуу чоң тик учак келет. Тик учактарды башкара турган учкучтарды окутуп жатабыз. Кудай буюрса 6 учкуч окутуп жатабыз. Аларга талап да жогору. Учкучтар испан, англис, француз тилдеринин бирин билүүгө милдеттүү. Ага жараша айлыктары да жогору болот”, – деди Бообек Ажикеев.

Министр тик учак табигый жана техногендик кырсыктардан куткаруу  бекер аткарылаарына токтолуп,  айрым жарандардын же мамлекеттик ишкана болсо да алардын тапшырыктары комерциялык негизде аткарылаарына токтолду. Анын айтымында, тик учак менен кызмат көрсөтүүнүн бир сааты 2300 АКШ долларын түзөт.