Министр ӨКМдин көл үстүндөгү потенциалын жогорулатуу аракетинде

МИНИСТР ӨКМдин КӨЛ ҮСТҮНДӨГҮ ПОТЕНЦИАЛЫН ЖОГОРУЛАТУУ АРАКЕТИНДЕ
20-майда министр Бообек Ажикеев иш сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалап жаткан суучулдар менен кезикти. Дүйнө элин суктандырып, табигат тартуулаган керемет көлдүн тазалыгы үчүн жигердүү эмгектенип жаткан кызматкерлерге өз ыраазычылыгын билдирди. Ошол эле маалда браконьерлик менен алектенгендердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча чараларды көрүүнү тиешелүү кызматтарга сунуштады.
Бул күнү министр көп убакыттан бери бузулуп, бирок оңдоо иштерин жүргүзүүгө көңүл бурулбай келген “Шторм” кемесинин техникалык абалын көрүүгө жетишти. ӨКМдин суу үстүндөгү потенциалын жогорулатууга болгон аракет токтобостон, эскилиги жетип калган кемени оңдоо иштери колго алынмай болду.