Министр ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын куткаруучулары менен жолугушту

МИНИСТР ӨКМДИН ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСТУК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН КУТКАРУУЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Министр Бообек Ажикеев иш сапарынын алкагында ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы менен жолугушуп, алардын иштөө шартынан кабар алды. Аталган башкармалыктын имараты да эскилиги жеткендиктен жаңылоо зарылдыгы келип чыккан. Абалды жеринен көргөн министр кызматкерлерге татыктуу шарт түзүп берүү үчүн жаңы имарат куруу маселеси кечиктирилгис аткарыла турчу планга киргизилди.
Облустун Ак-Суу районунун Тепключенка айылында буга чейин жашоочулар эгин талаасына өтүүсүн камсыздап, бүгүнкү күндө жарактан чыккан 2 чарбалык көпүрөнүн абалын көрдү. Тоодо кар ээригендиктен каналдагы суунун көлөмү көтөрүлүп жана агымы күчтүү болуп каналды жууп жараксыз абалга келтиргендиктен, тургундар айылдан 2-3 км алыстыкка барып өтүүгө аргасыз. Буюрса, бул көйгөйдү чечүүгө ӨКМ да болгон күч-аракетин жумшарын билдирди.