КР ӨК министри Б.Ажикеев селден жабыркаган аймактарды кыдырууда

Учурда Ысык-Көл облусунун бир катар райондорунда селдин кесепеттерин КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев көзөмөлгө алууда 30-июль күнү саат 04:30 чамасында Ысык-Көл облусунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн. Сел үйлөрдү каптап, ички жолдорду, арыктарды кум шагылга толтурган. Министр ошондой эле жабыркаган бардык аймактарды кыдырып, өзгөчө селден жапа чеккен Оттук айылында болду.  Б.Ажикеев жабыркаган үйлөр менен таанышып, тез арада жер төлөлөрдөн суу сордуруп баштоо боюнча тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, 1 үй жараксыз абалга келген, буга байланыштуу жабыркаган үй-бүлөлөргө КТЖ (көчмө турак-жай) жеткирүү тапшырмасы берилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бул аймакта 65тен ашык короолорду, анын ичинде 20 жер төлөнү суу каптаган.

Учурда жеринде Жарандык коргонуу боюнча мамлекеттик комитеттин комиссиясы иш алып барып, келтирилген чыгымды эсептөөдө. Ошондой эле Б.Ажикеев жертөлөлөрдөн суу чыгаруу үчүн тез арада мотопомпаларды колдонууну тапшырды. Калктуу конушту коргоо максатында райондун, айыл өкмөттөрдүн, «Чыгыш электр» ишканасынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жол кызматкерлери жана суу пайдалануучулар бирикмелеринин катышуусунда сырттан жыйын өткөрүлдү. Министр ошондой эле айылды коргоо боюнча долбоорду даярдоону Сельводзашитага тапшырды. Балыкчы-Каракол жол тилкесинде тазалоо иштери жүрүп жатат. Учурда келтирилген чыгым такталууда.