КР ӨК министри Б.Ажикеев Сербиянын Ички иштер министрлиги менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев Сербия Республикасынын ички иштер министри А.Вулин менен жолугушту. Тараптар эки өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар жаатында кызматташуусун жакшыртуу боюнча пикир алышты.

Александр Вулин министр Бообек Ажикеевге эки өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар тармагындагы кызматташтыгын жакшыртуу демилгеси үчүн ыраазычылык билдирип, жолугушуу эки тараптуу кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүп, өзгөчө кырдаалдарды эффективдүү башкарууга жана табигый кырсыктардын коркунучун азайтууга болорун баса белгиледи.

Ички иштер министри Александр Вулиндин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн келген качкындарды кабыл алуу лагеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Министр ошондой эле 2012-жылы түзүлгөн орус-серб гуманитардык борборунун иши менен таанышты. Бул борбор Сербияда, ошондой эле Европа өлкөлөрүндө масштабдуу өзгөчө кырдаалдарда гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн арналган. Борбордо жабыр тарткан калкка жардам көрсөтүү үчүн товардык жана материалдык баалуулуктар топтолгон. Борбор Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун (ICDO) механизмин колдонуу менен түзүлгөн, анын негизги донору Россия Федерациясынын өкмөтү болгон.

Министр Бообек Ажикеев өз кезегинде Сербия Республикасынын ички иштер министри Александр Вулинге жылуу кабыл алгандыгы жана серб-орус гуманитардык борборунун иши менен таанышуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.