
АЖИКЕЕВ БООБЕК ЭРГЕШЕВИЧ
1965-жылдын 19-августунда Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлгөн.
Билими жогорку.
1987-жылы Томск инженердик-курулуш институтун «өнөр жай жана жарандык курулуш» багыты боюнча аяктап, “инженер-куруучу” адистигине ээ болгон.
2007-2010-жылдары Кыргыз политехникалык институтунда бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча билим алган.
Мамлекеттик жарандык кызматтын 3 – класстагы кеңешчиси.
Эмгек жолу
Кирген жана кеткен жылы | Мекеменин, уюмдун, ишкананын аталышы | Ээлеген кызматы |
1987 – 1988-ж.ж. | Ново-Покровка ремонттук-куруу башкармалыгы | 5-класстагы кыш кыноочу |
1988 – 1994-ж.ж. | «Ошагропромкурулуш» бирикмеси Мырза-Аке МПМК | Мастер, инженер, ПТО башчысы, прораб |
1996 – 2005-ж.ж. | «Кызмат» ЖЧК | Аткаруучу директор |
2006-ж. | «Кызмат» ЖЧК | Директор |
2006 – 2008-ж.ж. | Кыргыз улуттук «Кабар» агенттиги | Башкы адис |
2008 – 2011-ж.ж. | КР ӨКМ караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча Түштүк аймактык департаменти | Директор |
2011 – 2013-ж.ж. | Борбордук Азия Америка университети (АУЦА) – Курулуш боюнча кеңешчилер тобу | Жетекчи |
2013 – 2014-ж.ж. | “Альфа-Телеком” (Мегаком) жабык акционердик коому, Курулуш жана энергетикалык координациялоо бөлүмү | Жетекчи |
2014 – 2015-ж.ж. | “Альфа-Телеком” (Мегаком) ЖАК, Курулуш жана энергетика департаменти | Жетекчи |
2015 – 2017-ж.ж. | Борбордук Азия Америка университети (АУЦА), Курулуш департаменти | Жетекчи |
2020-ж. | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | Министр |