Министрдин электрондук почтасын колдонуңуздар!
Урматтуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери!
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, аймактык жана ведомствого караштуу бөлүктөрдүн жетекчилери жана ар бир кызматкери mchs.sa2021@gmail.com министрдин электрондук почтасын колдоно алышат.
Ар бир кызматкер аталган электрондук почта аркылуу министрликтин ишин жөнгө салуучу жана мындан ары да жакшыртуучу сунуштарды, өз ой-пикирлерин, аткарыла турган иштердин пландарын жана башка маселелерди ачык билдирүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошондой эле аймактарда болуп жаткан өзгөчө кырдаалдар, кубулуштар тууралуу маалыматтарды жөнөтө алышат.
Андыктан аймактардагы түзүмдүк бөлүктөрдүн кызматкерлери жогоруда аталган электрондук почтаны маалымат алмашуучу, сунуш берүүчү аянтча катары колдонууга шарт түзүлдү. Сунуштарды берип, ой-пикирлериңиздерди билдирүү менен өнүгүүгө өз салымыңыздарды кошуңуздар.